АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши менен жолугушуу

122

2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбордук Азия боюнча Улук директору Николас Берлинер жана Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбордук Азия боюнча директору Бриана Тодд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуудагы актуалдуу маселелер жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Өзгөчө көңүл Борбордук Азия аймагындагы коопсуздукту камсыз кылуудагы көйгөйлөргө бурулуп, кыргыз бийлигинин бул соңку жылдары чек ара талаш-тартышын чечүү жаатында аткарган иштерининин бүтүндөй регион үчүн пайдалуу жактары талкууланды.

Ошондой эле Элчи Б.Аманбаев маектештерине соңку жылдары Президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде регионалдык деңгээлдеги социалдык экономикалык жана соода байланыштарын чыңдоо багытындагы аткарылып жаткан ири долбоорлор тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга бириккен аракеттерин жана ниеттерин ырасташты.

  • АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши менен жолугушуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK