АКШнын банктары менен кыргыз банктарынын ортосундагы кызматташтыкты жандандыруу маселеси талкууланды
2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Аманбаев америкалык “Citi” ири банктын Чет элдик миссиялар кызматынын жетекчиси Жефф Маунтс менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз банктарынын америкалык банктар менен кызматташтыгын жандандырып, кыргыз банктары менен америкалык «Citi» банктын ортосунда корреспонденттик эсеп ачуу маселеси талкууланды. Бакыт Аманбаев өз сөзүндө Кыргызстан Борбор Азия регионунун жүрөгүндө жайгашкан жаратылыш ресурстарына бай өлкө экендигин айтып, Кыргызстандын чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кирешелүү тармактары тууралуу кеңен маалымат берди. Андан соң Бакыт Аманбаев АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды ар тараптуу кеңейтүү максатында колдонулбай жаткан олуттуу мүмкүнчүлүктөргө токтолуп, мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу үчүн банктар аралык кызматташтыкты калыбына келтирүү зарылыгын белгилди.
Өз кезегинде Ж.Маунтс мырза дүйнө жүзү боюнча доллар түрүндө которуулардын дээрлик жарымы “Citi” банк аркылуу ишке ашырыла тургандыгын белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты жандандыруу максатында Элчилик жана кыргыз банктары менен биргеликте иш алып барууга кызыкдар экендигин баса белгиледи. Келечекте биргелешип иш алып баруунун пландары макулдашылды.
Маалымат үчүн: АКШнын "Citi" банкы башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан америкадагы эң ири төрт банктын катарына кирет. Аталган банктын дүйнө жүзү боюнча 2649 анын ичинде АКШнын аймагында 723 филиалы бар. “Citi” банктын өздүк капиталы 201,19 млрд ал эми обороту 75,338 млрд долларды түзөт. Банктын активдери 2,412 триллион долларга бааланат жана дүйнө жүзү боюнча 240 миң адамды жумуш менен камсыз кылат.