2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейинки дем алыш күндөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрында "2024-жылы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө" токтомуна ылайык, 2024-жылдын 21-марттан 24-мартка чейин дем алыш күндөрү деп жарыялангандыгын билдирет.
Буга байланыштуу аталган мөөнөттө жарандарды консулдук кабыл алуу жүргүзүлбөй турганын маалымдайбыз.
Ошол эле учурда, мекендештердин кайрылууларына тез арада консулдук жардам алууну талап кылган оор абалга туш болгон учурда, Элчилик Консулдук бөлүмдүн +1 (202) 256 2924 ишеним телефону иштеп жатканын эскертет.