Тоолуу өлкөлөрдөгү көп жылдык муздардын эришине жол бербөө маселеси талкууланды

186

2024-жылдын 15-мартында Вашингтондо Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүндө көп жылдык муздун эришине жол бербөө жана таза сууну сактоого арналган эл аралык иш-чара өттү. Иш-чараны АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттиги уюштурду. Ага дүйнө жүзү боюнча суу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ЮСАИДдин жетекчилиги, Непалдын, Кыргызстандын жана Тажикстандын элчилери, эл аралык эксперттер катышты.

Жыйында Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалына кеңири токтолуп, көп жылдык муздун эрип кетүүсүнүн алдын алуу боюнча Кыргызстандын өкмөтү тарабынан дүйнөлүк деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Буга мисал катары Бакыт Аманбаев 2022-жыл БУУ тарабынан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыяланып, тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн өзгөчө акыркы жылдардагы глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу беш жылдык планы кабыл алынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө тоолуу өлкөлөрдө көп жылдык муздун тез эриши жана анын алдын алуу жолдору талкууланды. Эл аралык эксперттер дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү көп жылдык мөңгүлөрдүн эриши боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөнүн тоолуу өлкөлөрүндөгү көп жылдык муздардын эрүүсүнө жол бербөөгө багытталган MODSNOW эл аралык долбоорунун ачылыш аземи болду. Бул долбоор Германиянын Innovative Water and Environmental Solutions (IWES) компаниясы тарабынан сунушталган. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө тоолуу өлкөлөрдүн суу ресурстарын сактоо жана башкаруу жаатында аймактын алдында турган маанилүү милдеттер белгиленди.

  • Тоолуу өлкөлөрдөгү көп жылдык муздардын эришине жол бербөө маселеси талкууланды
  • Тоолуу өлкөлөрдөгү көп жылдык муздардын эришине жол бербөө маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK