АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды

195

2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Аманбаев Америка континентинин байыркы жашоочулары болушкан индеецтердин Навахо улутунун спикери Кристалин Керли жана Навахо улутунун Вашингтондогу элчиси Джастин Ахастин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө байыркы индеецтер менен кыргыз элинин ортосундагы маданий, тарыхый, тилдик жана антропологиялык окшоштуктарды иликтөө максатында жүргүзүлүп жактан илимий иликтөөлөрдү алдыгы жылдыруу жана келечекте АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы бул жааттагы кызматташтыктарды жакшыртуунун жолдору талкууланды.

Бакыт Аманбаев өз сөзүндө соңку эки жылдар бери кыргызстандык тарыхчы жана тилчи адистер кыргыз эли менен индеецтердин ортосундагы жылпылыктарды иликтеп жаткандыгын маалымдап, аталган илимий иликтөөнүн айрым жыйынтыктары менен тааныштырды. Андан соң аталган илимий иликтөөнү ийгиликтүү жыйынтыктоо АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртууга олуттуу салым кошоорун жана бул багытта келчекте биргелешип аткарыла турган иш чаралардын планы менен тааныштырды.

Америка тарап Элчи Бакыт Аманбаевдин сунуштарын толук колдоо менен келчекте кызматташууну жакшыртуу боюнча өз ойлорун ортого салышты. Натыйжада, тараптар жакынкы келчекте жана узак мөөнөттө биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашышты.

  • АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды
  • АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды
  • АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды
  • АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK