АКШ менен Кыргызстандын ортосунда маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды

151

2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Аманбаев менен Тынчтык Корпусунун директорунун орун басары Дэвид Уайт менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Тынчтык Корпусу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу маселери талкууланды. Бакыт Аманбаев эки өлкөнүн ортосунда билим берүү жана маданий байланыштарды ар тараптуу жакшыртуу АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртууда олуттуу ролду ойнооруна токтолуп, бул багытта биргелешип иш алып баруу боюнча өз сунуштарын ортого салды. Өз сөзүндө элчи мырза кыргыз жаштарына англис тилин үйрөтүүнү жакшыртуу жана ошондой эле көп жылдык тарыхы бар кыргыз маданиятын америка элине жакындан тааныштыруу боюнча АКШнын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Ал эми Дэвид Уайт мырза болсо Тынчтык Корпусу дүйнөдө алтымышка жакын өлкө менен натыйжалуу кызматташып жаткандыгын белгилөө менен кыргыз тарап менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө умтуларын ырастады. Ошондой эле ал Тынчтык Корпусунун волонтерлору кыргыз жаштарына англис тилин үйрөтүү менен бирге англис тил мугалимдеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, маалыматтык технологияларды интеграциялоого жана окутуунун натыйжалуу ыкмалары боюнча маалымат алмашууга көмөктөшөөрүн убада кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте эки тарапка ыңгайлуу шарттарда биргелешип иш алып барууну макулдашты.

  • АКШ менен Кыргызстандын ортосунда маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды
  • АКШ менен Кыргызстандын ортосунда маданий карым катнашты чыңдоо маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK