Элчи Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары менен жолугушту

227

2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы адам укуктары, демократияны өнүктүрүү жана жакында Кыргызстанда кабыл алынган Бейөмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдын кабыл алынуу себептери тууралуу пикир алмашуу болду.

Элчи Бакыт Аманбаев Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат берүү менен бирге, демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Өз кезегинде Узра Зея Кыргызстан дайыма демократиялык принциптерди туу тутуп келгендиги менен өзгөчөлөнгөндүгүнө токтолуп, адам укугу жана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү жаатында кызматташууга даяр экенин ырастады.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча конструктивдүү кызматташтыкты улантууга өз ара ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK