Канадада жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

449

Урматтуу мекендештер!

Элчилик Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Толук ыйгарым укуктуу  Элчиси Бакыт Аманбаев 2024-жылдын 29-30-апрелинде Оттава, 1-май Торонто, 2-май Эдмонтон шаарларына жумушчу сапары болоорун маалымдайт.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Элчиси Бакыт Аманбаев Канадада жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын ар кандай суроолоруна жооп берет. Ал эми элчиликтин тиешелүү кызматкери атуулдарга консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

ЭСКЕРТҮҮ:

Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз.

Консулдук тейлөөгө катышууңуз тууралуу +1(780) 710-2204, +1(202) 256-2924 телефон аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

Оттава шаарныда иш-чаранын дареги: жайгашкан жери жакында аныкталат, +1(780) 710-2204, +1(202) 256-2924 телефондору аркылуу кошумча маалымат алуу зарыл.
Убактысы:2024-жылдын 29-30-апрели саат 10:00дөн баштап 17:00 чейин.

Торонто шаарында иш-чаранын дареги: 9575 Keele St, Maple, ON L6A 1M1.
Убактысы:2024-жылдын 1-майы саат 10:00дөн баштап 17:00 чейин.

Эдмонтон шаарында иш-чаранын дареги: Edmonton City Hall1 Sir Winston Churchill Square, Edmonton, AB T5J 0R2.
Убактысы:2024-жылдын 2-майы саат 10:00дөн баштап 17:00 чейин

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK