Элчи Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын эл аралык уюм боюнча жардамчысы Мишель Сисон менен жолугушту.

608

2024-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаевдин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык уюштуруу иштери боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысы Мишель Дж. Сисон менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын алкагында кызматташууну арттыруу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Элчи Б.Аманбаев азыркы эл аралык күн тартибинде аймактын маанилүү ролун белгилеп, Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жарыялады. Жолугушуунун жүрүшүндө америкалык тарап БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Кыргызстандын негизги артыкчылыктарын белгиледи.

Өз кезегинде америкалык тарап тараптар БУУнун Нью-Йорк жана Женевадагы миссияларында жакшы өз ара аракеттенишээрин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында маектештер эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин кеңири спектри боюнча диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.

  • Элчи Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын эл аралык уюм боюнча жардамчысы Мишель Сисон менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK