Дүйнөлүк алдыңкы универститтердин катарына кирген Альберта университети Кыргыз Президентинин демилгесин колдоого убада берди

529

 

2024-жылдын 2-майында Канаданын Эдмонтон шаарында Элчи Б.Аманбаев эл аралык Альберта университетинин вице-президенти Ч. Хуанг жана эл аралык Альберта университетинин аймактык менеджери Э. Хименес менен жолугушту. Жолугушууда Бакыт Аманбаев Кыргыз Республикасынын Билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун таланттуу жаштарды дүйнөлүк алдыңкы жүз окуу жайларга окутууга каржылык  колдоо көрсөтүү максатында уюштурган «Эл үмүтү» аттуу президентик стипендиясы тууралуу кеңири айтып берди. Өз сөзүндө Бакыт Аманбаев универстеттин жетекчилигин Кыргыз Президенти С.Н.Жапаров тарабынан уюштурулган президенттик программаны колдоп, кыргызстандык талантуу жаштарды Альберта университетине олуттуу каржылык жеңилдиктерди берүү менен окутуп берүүнү өтүндү.

Ошондой эле  Б.Аманбаев келчекте биргелешкен илимий изилдөө программасын өткөрүү жана университеттер арасында студенттер менен окутуучулардын өз ара тажрыйба алмаштыруу сыяктуу долбоорлорду уюштурууну өтүндү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Альберта университетинин вице президенти Ч.Хуанг Кыргыз Республикасынын окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошой эле Кыргыз Президенти тарабынан жарыяланган президенттик программанын алкагында кыргызстандык талантуу жаштарды жылдык окутуу төлөмүнө элүү пайыздык жеңилдик берүү менен окутуп берүүгө убада берди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар  жакынкы келчекте Альберта Университети менен Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин ортосунда атайын келишим түзүүнүн үстүндө иш алып барууну  макулдашышты.

Маалымат үчүн: Эл аралык Альберта университети дүйнөдөгү эң мыкты жүз университеттин жана Канададагы эң мыкты төрт университеттин катарына киргизиген. Ал эми дүйнөлүк алдыңкы университеттерге берилген айтайын рейтингке ылайык, Альберта университети "мунай инженериясы" адистигин даярдоо боюнча дүйнөдөгү  6-орунда жана ал эми орто медициналык персонал кесиб ээлерин даярдоо боюнча 7-орунда ээлеген. Ошондой эле Альберта Университеттин 17 мекемеси ар кандай илимий иликтөөөлөрдү жүргүзүү  жана окутуудагы эң мыкты жетишкендиктерге жетишкендиги  үчүн дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин тизмесине киргизилген.

  • Дүйнөлүк алдыңкы универститтердин катарына кирген Альберта университети Кыргыз Президентинин демилгесин колдоого убада берди
  • Дүйнөлүк алдыңкы универститтердин катарына кирген Альберта университети Кыргыз Президентинин демилгесин колдоого убада берди

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK