Чикаго шаарында Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын кезектеги консулдук сыртка чыгып тейлөө иштери жүргүзүлдү

7788

2019-жылдын 29-30-августунда Чикаго шаарында Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын кезектеги консулдук сыртка чыгып тейлөө иштери жүргүзүлдү.

Бул консулдук чыгуунун жүрүшүндө Кыргызстандын 150дөн ашуун жаранына тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тактап айтканда, жалпы жарандык паспорт алмаштырууга жана жаңы паспорт алууну тариздөөгө 80 арыз кабыл алынды, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тариздөөгө 5 арыз алынды, консулдук каттоого 71 жаран турду, 4 жаранга Мекенине кайтуу күбөлүгү берилди жана 3 жаранга нотариалдык кызматтар көрсөтүлдү.

Ошондой эле 31-август жана 1-сентябрда Цинциннати шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган маданий-гуманитардык иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Элчиликтин өкүлдөрү жарандарга консулдук-укук тейлөө өткөрдү. Цинциннати шаарындагы иш-чаралардын жүрүшүндө Огайо, Иллинойс, Нью-Йорк, Филадельфия, Калифорния, Техас, Индиана, Висконсин, Мэриленд штаттарынан биздин көп сандаган жарандар кызыккан маселелер боюнча кайрылуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү жана ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүлдү.

Ошол эле учурда консулдук маселелер боюнча ар кандай консультация, кеңештер берилди. Мындан сырткары, АКШда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылы парламенттик шайлоолор боло тургандыгы, ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий, маданий-гуманитардык иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK