2019-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков (Chingiz Aidarbekov) Вашингтон шаарына болгон сапарынын алкагында КРнын АКШдагы Элчилиги жана Америка-Кыргыз Иштиктүү Кеңеши тарабынан уюштурулган Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери боюнча тегерек столдун ишине катышты

4089

2019-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков (Chingiz Aidarbekov) Вашингтон шаарына болгон сапарынын алкагында КРнын АКШдагы Элчилиги жана Америка-Кыргыз Иштиктүү Кеңеши тарабынан уюштурулган Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери боюнча тегерек столдун ишине катышты.
Өз сөзүндө Министр Ч.Айдарбеков Кыргызстандын инвестициялык, экономикалык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кенен айтып берди. Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун иштөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан тийешелүү реформалар тууралуу маалымат берди.
Борбордуказия регионунун экономикалык дараметин өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, туристтик, билим берүү жана маданий чөйрөлөрдө Борбордук Азиянын америкалык компаниялар менен кызматташуу маселелери талкуунун өзүнчө темасы болду.
Катышуучулар кызыктырган суроолор боюнча, анын ичинде, өз ара аракеттенүүнүн түрдүү чөйрөлөрүндө Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдору тууралуу пикир алмашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK