Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаевдин Пенсильвания штатына барган иш сапары тууралуу

4759


         Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев Пенсильвания штатына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасы тарабынан Филадельфия шаарында негизделген кыргыз тилин окутуу боюнча борборунун иши менен таанышты.

         Аталган борбор кыргыз жаш муундарынын арасында кыргыз тилин,  ошондой эле биздин маданият, каада-салттарды үйрөтүүгө, жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган коомдук пайдалуу иштер менен алектенет. Аталган борбордо 3 мугалим балдарга кыргыз тилин окутушат жана улуттук комуз аспабында ойногонду үйрөтүшөт.

Элчи Б.Отунбаев ушул мектеп АКШнын Чикаго жана Цинциннати шаарларындагы кыргыз борборлорундай эле биздин эне тилди сактоого жана өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга багытталган борборлордун бири болуп калганын белгилеп,  Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги ушул мектептин материалдык-техникалык базасына керектүү кыргыз тилиндеги китептерди сатып алууга көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Учурдан пайдаланып, Элчилик АКШда жашаган мекендештерге аталган борборго материалдык-техникалык жабдуулар (китептер, компьютерлер) менен ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү суранат, ошондой эле кыргыз борборлорунун ишмердүүлүлүгүнө жана иш-чараларга жигердүү салым кошуусун суранат.

Элчи Б.Отунбаев Филадельфия шаарынна болгон иш сапарынын учурунда жакында кырсыктан каза болгон Кыргызстандын  жараны Д.касымалиевдин үй-бүлөсү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Б.Отунбаев Д.Касымалиевдин үй-бүлөсүно көңүл айтып, Элчилик анын денесин Кыргызстанга жөнөтүү үчүн ыкчам түрдө тиешелүү документтерди алууда, АКШнын мамлекеттик органдары менен маселелерди чечүүдө максималдык жардам көрсөттү.

Элчилик 26-ноябрда Д.Касымалиевдин денеси бардык жол-жоболук маселелер аякташына байланыштуу Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн билдирет.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK