Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушуу тууралуу

Урматтуу мекендештер,
2020-жылдын 3-7 февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттардын – Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары А.Касымалиева айымдын жана Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Ж.Турускулов мырзанын Вашингтон шаарына иш сапары пландаштырылып жатканын маалымдайбыз.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигинин демилгеси боюнча 2020-жылдын 6-февралында саат 15.00-17.00 Элчиликтин имаратында Америка жана Канадада жашаган мекендештирибиздин жогоруда айтылган Жогорку Кеӊешинин депутаттары менен жолугушуу уюштурулуп жатат. Бул жолугушуу актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерди талкулоого мүмкүнчүлүк берет.
Элчиликин дареги: 2360 Massachusetts Ave., NW, Washington, DC 20008.
Жолугушууда катышуу боюнча маалыматты Элчиликтин kgconsul@kgembassy.org электрондук дарегине жибергениӊизге өтүнөбүз.