Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы саясий ведомстволорунун Башчыларынын («С5+1») жолугушуусу болду

5370

2020-жылдын 3-февралында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташуу форматындагы Министрлик жолугушууга катышты.

Жолугушууга ошондой эле Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Туркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышты.
Жолугушуунун катышуучулары региондук соода, чек ара коопсуздугу чөйрөсүндө жана суу-энергетика секторунда кызматташуу маселелерин талкуулашты.
КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттерин айтып өттү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде жана алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен ушул форматта региондук өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.
Бул иш-чаранын алкагында Министр Ч.Айдарбеков бир катар эки тараптуу жолугушууларды, атап айтканда, Өзбекстандын тышкы иштер министри А.Камилов жана АКШнын Мамлекеттик катчысы М.Помпео менен жолугушууларды өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK