Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Канаданын Протоколунун башчысы Стюарт Уилерге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

5180

2020-жылдын 10-мартында Канаданын Оттава шаарында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Канаданын Протоколунун башчысы Стюарт Уилерге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Канаданын Протоколунун башчысы Элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча иштерине ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Б.Отунбаев эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы жолугушуусу жана диалогу тууралуу, кыргыз-канада кызматташууну жакшыртуу анын ичинде билим берүү , саламаттык сактоо, айыл-чарба тармактарында жана соода-экономикалык экономикалык мамилелерин өнүктүрүү, парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маанисин белгиледи.

Эки тарап өлкөлөрдүн мамилелерин мындан ары бекемдөө үчүн зарыл экендигин баса белгиледи жана өз ара пайдалуу негизде мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK