Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев 2020-ж. 11-мартында Канаданын Тышкы иштер министринин парламенттик катчысы Р.Олифант жана министрдин орун басарынын жардамчысы М.Горт менен жолугушуу

5541

 

Канаданын Генерал-губернаторуну Ж.Пейеттке ишеним грамоталарды тапшыруу аземине катышууга арналган Оттава шаарына болгон сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев 2020-ж. 11-мартында Канаданын Тышкы иштер министринин парламенттик катчысы Р.Олифант жана министрдин орун басарынын жардамчысы М.Горт менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жалпы Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Кыргыз тарабы эки өлкөнүн артыкчылыктуу үчүн өз ара сый мамиленин негизинде Канада менен узак мөөнөттүк эки тараптуу мамилелерди түзүүгө даяр деп ишендирди. Ошондой эле кызматташуунун артыкчылыктуу секторлордун ичинен кийинкилерди белгиледи; экономикалык байланыштарды диверсификациалоо, парламентаризмдин өнүктүрүүсү, эффективтик мамлекет башкаруу, санариптештирүү, региондук өнүктүрүү жана студент алмашуу программалары. Гидроэнергетика жана суу ресурстарын биргелешкен пайдалануу боюнча Канаданын бай тажрыйбасын эске алуу менен Кыргыз тарабы бул тажрыйбаны изилдөө өтүнүчүн билдирди.

Канада тарабы демократия жана сөз эркиндигин бекемдөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын жетишкендиктерин жогору баалады, эки өлкөнүн ортосундагы тоо-кен өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты белгилеп, өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK