Президент Сооронбай Жээнбеков ЕРӨБдүн вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөштү

5262

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки тараптуу кызматташуунун жакынкы келечекке багыттары, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүү чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы ЕРӨБдүн суу менен камсыздоо жана ирригация тутумдарын өнүктүрүү боюнча инфраструктуралык, анын ичинде коомдук транспортту жана тиричилик таштандыларын жөндөөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго көрсөткөн колдоосун жогору баалай тургандыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө коомчулугунун эң актуалдуу маселеси коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө биргелешип аракеттенүү экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаал биздин гана өлкөнүн эмес, башка негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын бардык тармактарына жана ишкердик активдүүлүккө терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

ЕРӨБдүн вице-президенти Алан Пиллу коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кыргыз тарапка тилектештигин билдирди.

Банк тарабынан жеке секторго, өзгөчө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн гигиена, жеке коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жеңилдетип каржылоо варианттары каралып жаткандыгын белгиледи.

Банк чакан жана орто бизнести кайра каржылоо үчүн банк секторуна өз милдеттерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын маалымдады.

Алан Пиллу инфраструктуралык тутумдарды жакшыртуу боюнча муниципалдык ишканаларга колдоо көрсөтүү улантыларына жана дүйнөлүк кризистик кырдаалга карабастан белгиленген бардык долбоорлор өз маалында жана кармалбастан ишке ашырыларына ишендирди.

 

Булак: http://prezident.kg/kg/okujalar/16478_prezident_sooronbay_gheenbekov_erbdn_vice_prezidenti_alan_pillu_menen_telefon_arkiluu_sylsht

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK