Борбордук Азияда жана Афганистанда өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча панелдик талкулоо туралуу

5042

2020-жылдын 5-июнунда Вашингтондогу Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин аянтчасында Борбордук Азиянын өлкөлөрүндө жана Афганистанда өз ара соода кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча  жана COVID-19дун кесепеттерин жоюу үчүн АКШнын ишкерлеринин катышуусу менен виртуальдык талкулоо  уюштурулду.  Аталган иш-чарада кыргыз тарабы, Казакстан, Туркмөнстан, Өзбекстан жана Афганистан дипломатиялык миссияларынын катарында сөз сүйлөдү. 

Америка-Кыргыз ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулган иш-чарага АКШнын Мамлекеттик департаментинин, АКШнын Соода министрлигинин, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча соода агенттигинин, АКШнын ири ишканаларынын, экономиканын ар кандай тармагынын, эл аралык уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн 300дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Иш-чаранын алкагында пандемиянын терс таасирин азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана муктаждыктар, ошондой эле соода, экономикалык, туризм, билим берүү жана маданият чөйрөлөрүндө Борбордук Азия жана Афганистандагы америкалык компаниялардын бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги жөнүндө кылдат пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, Элчилик биздин инвестициялар, экспорттук, туристтик мүмкүнчүлүктөр жана артыкчылыктар, бизнестин коопсуз жүргүзүлүшүн, чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргыз Республикасында коопсуз болушун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер, ошондой эле санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө кеңири айтып берди.

Жыйындын аягында, жолугушуунун катышуучулары диалогду улантууга жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK