АКШда жана Канадада убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине!

6091

Түндүк Америка менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдары COVID-19 пандемиясынын кесепетинен токтоп калгандыгына байланыштуу, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан мекенге эрте кайтып кетүү маселеси боюнча көптөгөн кайрылууларды кабыл алууну улантууда.
Айрым авиакомпаниялар расмий баракчаларында Кыргызстанга туруктуу каттамдардын калыбына келтирилиши жөнүндө маалымат жайгаштырылгандыгына байланыштуу, көпчүлүк мекендештер АКШдан жана Канададан Кыргызстанга 2020-жылдын июнь айынын аягына - июлдун башына пландаштырылган рейстерге билеттерди сатып алышкан.
Элчилик Кыргызстандын жарандарына COVID-19 пандемиясынын кесепетинен Кыргызстандын чек аралары дагы эле жабык экендигин, ошондуктан Кыргызстан менен эл аралык туруктуу каттамдар калыбына келтириле электигин маалымдайт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстандын чек аралары расмий ачылгандыгын жарыялаганга чейин, Элчилик пландуу рейстерге авиабилеттерди сатып алууну сунуш кылбайт. Элчилик өз кезегинде чек аралак тууралуу маалыматты өзүнүн расмий веб-сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырат.
Элчилик кыргыз жарандарына мекенине тез кайтууга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну улантууда жана АКШга жана Канадага өз мекенине кайтып келүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүү үчүн маалымат чогултууда.
Кандайдыр бир суроолор болсо, биз жарандардан элчиликке kgconsulate.washington@mfa.gov.kg жана kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук почталары аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.
Коронавирустун жайылышына байланыштуу Өкмөт жана Элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты веб-сайттан жана Элчиликтин социалдык тармактардагы баракчаларынан (Facebook, Twitter, Instagram) табууга болот, ал жерде ошондой эле өзгөчө кырдаалга кабылган учурдан байланышка чыгуу үчүн кызматкерлердин байланыш маалыматы бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK