2020-жылдын 4-октябрында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда добуш берүү башталды

3782

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосун өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2020-жылдын 4-октябрында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.

Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK