2020-жылдын 12-октябрдан 18-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин ишмердүүлүгү жөнүндө

3998

2020-жылдын 12-октябрынан 18-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө акыркы бир жумада жарандардын келип түшкөн кайрылуулар жана консулдук аракеттер жөнүндө маалымдайбыз.

Жалпысынан бир жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан 391 кайрылуу келип түшкөн:

  • 36 консулдук кызмат көрсөтүлгөн;
  • 143 электрондук кайрылууларга жооптор берилген;
  • 212 телефон чалуулар кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги АКШда жана Канадада жүргөн Кыргызстандын жарандарын Элчиликтин консулдук каттоосунан өтүү керек экендигин эскертет. Консулдук каттоонун негизги максаты - АКШдагы жана Канададагы Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын сактоо (шайлоого катышуу), кабыл алуучу мамлекетте укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Элчиликте консулдук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Консулдук каттоонун жана биометрикалык маалыматтардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентин же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Кыргыз Республикасынын жарандарына ыңгайлуу болушу үчүн, онлайн режиминде катталууга мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдайбыз (электрондук дарек аркылуу).

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Ошондуктан төмөнкүнү маалымдайбыз:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин), Кыргызстанда же Элчиликте мурда тапшырган болсо, консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы (https://mfa.gov.kg/.../624c5a10-c3ab-3d1c-9b13...) жана жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз паспортунун көчүрмөсү kgconsulate.washington@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүү жетиштүү.

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда Консул менен сүйлөшүп, белгиленген убакытта Элчиликке келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери), консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы (https://mfa.gov.kg/.../624c5a10-c3ab-3d1c-9b13...) жана Кыргыз Республикасынын жарактуу паспортунун көчүрмөсүн тапшырыңыз.

Консулдук каттоого элчиликти каттоонун тартиби жана талап кылынган документтердин тизмеси жөнүндө толук маалыматты АКШнын жана Канададагы Элчиликтин расмий www.mfa.gov.kg/washington веб-сайтынан алууга болот.

Кошумча суроолорнуздар болсо жана Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин Консулу менен байланышуу зарылдыгы келип чыкса, каттарды kgconsulate.washington@mfa.gov.kg жана kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүздөр болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK