Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө иштери жүргүзүү боюнча маалымат.

4260

2019-жылдын 8-9-июнунда Монреаль шаарында Элчилик тарабынан Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө иштери жүргүзүлгөндүгүн маалымдайбыз.

Бул консулдук маселелер боюнча жолугушууда Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тактап айтканда, жалпы жарандык паспорт алмаштырууга жана жаңы паспорт алууну тариздөөгө 50 арыз кабыл алынды, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тариздөөгө 5 арыз алынды, консулдук каттоого 38 жаран турду, 4 жаранга Мекенине кайтуу күбөлүгү берилди жана 5 жаранга нотариалдык кызматтар көрсөтүлдү

Ошол эле учурда консулдук маселелер боюнча ар кандай консультация, кеңештер берилди. Андан сырткары, Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылы парламенттик шайлоолор боло тургандыгы, ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий, маданий-гуманитардык иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ушундай эле жолугушууларды Канадада жашаган кыргызстандык жарандар үчүн кийинки жылы өткөрүү пландалып жаткандыгын маалымдайбыз.

Фейсбук социалдык маалыматтык тармагында КРнын АКШ жана Канададагы Элчиликтин баракчасына жазылып, Элчиликтин ишмердүүлүгү, жасалып жаткан иштер, өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат алып турууга чакырабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK