Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев АКШнын отставкадагы дипломаты Лаура Кеннедини кабыл алды

6413

2019-жылдын 29-августунда АКШдагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Б.И. пенсиядагы Лаура Кеннеди АКШнын дипломатын кабыл алды, ал мурдагы СССРдин республикаларында бир кыйла убакыт иштеп жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку кызматтарын ээлеген. Азыркы учурда Лаура Кеннеди «New York Times Silk Road» басмасынын эксперти катары кызмат кылат. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчилик менен «New York Times Silk Road» басманын ортосундагы туризмди өнүктүрүү кызматташуу маселелери талкууланды. «New York Times Silk Road» басмасы мезгил-мезгили менен ар кайсы өлкөлөргө турларды уюштурат.

Чет өлкөлүк туристтер үчүн уюштурлан "New York Times Silk Road" басмасынын турлары Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын алдыга жылдырууга жана Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортусундагы маданий алмашууга өз салымын кошот деп тараптар бир пикирге келишти. Биргелешкен кийинки демилгелерди чоого алдыга жылдырууну макулдашып, «New York Times Silk Road» басмасы Кыргыз Республикасына тур уюштуурусуна мүмкүн болгон жардам көрсөтүүгө Элчиликтин даярдыгы билдирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK