Министр Чыңгыз Айдарбеков АКШнын аналитикалык борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушту

4175

2019-жылдын 30-сентябрында Вашингтон шаарында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков алдыңкы аналитикалык институттардын бири болуп саналган Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборуна (CSIS) барды жана анын жетекчилиги, ошондой эле Кыргызстанды жана Борбордук Азия өлкөлөрүн изилдеген АКШнын башка аналитикалык борборлорунун жана изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Тышкы саясий ведомствонун башчысы обзордук баяндама жасап, Кыргызстандын тышкы саясий мамилелери жана приоритеттери, Кыргыз Республикасынын көз карашынан алганда Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыктын жана диалогдун өнүгүүсү, ошондой эле эки тараптуу кыргыз-америка өз ара аракеттенүүнүсүнүн мындан ары өнүгүүсүнүн өңүттөрү жөнүндө АКШнын эксперттик коомчулугунун суроолоруна жооп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK