Министр Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигине (USAID) барды

3663

2019-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Вашингтон шаарына сапарынын алкагында АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) башкы кеңсесине барып, USAID өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстандын USAID менен өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге кызматташуу пландарын талкуулашты.
Өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, АКШнын катышуусундагы регионалдык долбоорлордун ишке ашырылуусунун жүрүшү, ошондой эле КР менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн башка маанилүү маселелери талкууланды.
Кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдарлык, ошондой эле күн тартибинин учурдагы маселелери боюнча үзгүлтүксүз негизде пикир алмашууга даярдык тастыкталды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK