Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги экинчи Эл аралык маданий балдар фестивалына катышты
2019-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында экинчи Эл аралык маданий балдар фестивалы Роналд Рейган атындагы Дүйнөлүк соода борборунун имаратында АКШда аккредиттелген 30 чет өлкөлүк элчиликтердин колдоосу менен өттү.
Бул иш-чаранын максаты көркөм өнөр, билим берүү жана атайын иш-чаралардын уюштуруу жолу менен ар бир маданияттын байлыгы, ар түрдүүлүгү жана оригиналдуулугу аркылуу маданият таанытуу болду.
Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги аталган иш-чаранын алкагында америкалык аудиторияга кыргыз элинин маданияты, каада-салттары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди жана жаш балдарга улуттук чүкө оюнун көрсөтүп жана башка атайын иш-чараларды өткөрдү.
Экинчи Эл аралык маданий балдар фестивалынын алкагында Эл аралык балдар арасындагы улуттук кийим көргөзмөсүндө кыргыз тарабы иш-чаранын катышуучуларына балдарын улуттук кийим-кечесин тартуулады.