КР менен Канаданын ТИМ башчылары телефондон сүйлөштү

5067

2020-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Канаданын тышкы иштер министри Ф.-Ф.Шампан менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Маектин жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Эл аралык финансы институттарынын алдындагы КРнын карыздык оорчулугун жеңилдетүү маселеси өзүнчө талкууланды. Министр Ч.Айдарбеков бул багытта көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн канада тарабына ыраазычылык билдирди.
Тажрыйба алмашуу үчүн, COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз тартылган эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.
Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү планында ошондой эле өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, гуманитардык байланыштарды колдоого алуу жолдору каралды. Алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиги талкууланды.
Министрлер эки өлкөнүн эл аралык демилгелерин дагы карап чыгышты.

Маалымат булагы: https://mfa.gov.kg/kg/zhogorku-menyu/press-kyzmaty/novosti/kr-menen-kanadanyn-tim-bashchylary-telefondon-sylsht

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK