Канаданын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптуу биринчи консультациялардын жыйынтыктары боюнча БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮ

2018-жылдын 12 – июнунда Канаданын Оттава шаарында Канаданын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптуу биринчи консультациялар болуп өттү. Канаданын жана Кыргыз Республикасынын делегацияларын Канаданын Тышкы иштер министрлигинин Арктика, Чыгыш Европа жана Евразия иштери боюнча Башкы директору Элисон ЛеКлэр жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий департаментинин директору Улан Джусупов жетектешти.

Тараптар кыргыз-канада мамилелеринин тарыхында биринчи жолу өтүп жаткан эки тараптуу тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды эки өлкөнүн ортосундагы ар тармактардагы кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүү негизи катары белгилешти.

Достук, өз ара түшүнүшүү жана ачык маанайда өткөн консультациялардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин азыркы абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде кыргыз- канадалык өнөктөштүктү кеңейтүү жана тереңдетүүнүн жолдорун талкуулашты, ошондой эле эки тарапты кызыктыруучу азыркы кездеги аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Делегациялар Канада менен Кыргыз Республикасынын ортосунда эки тараптуу жана көп тараптуу негиздеги кызматташууну бекемдөөгө эки тарап тең кызыкдар экендиктерин билдиришти. Азыркы кездеги эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле кызматташууну кеңейтүү үчүн потенциалдуу тармактарды, алардын ичинде мамлекеттик башкаруу тармагындагы маселелерди талкуулашты. Ошондой эле тараптар климатты өзгөртүү жана суу ресурстарын башкаруу тармактарындагы болжолдуу кызматташууну талкуулашты. Делегация мүчөлөрү көп тараптуу кызматташуу кыргыз-канадалык мамилелердин күчтүү багыты болуп каларын, ошондой эле бул багыттагы байланыштарды кеңейтүүнүн жаңы жолдорун иликтешээрин да белгилешти.

Канада тарабы Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда маанилүү өнөктөш болуп саналаарын белгилеп, улуттук экономиканы өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдошорун билдирди. Эки өлкөнүн демократиялык өнүгүүнү жана эркиндикти колдоо, булардын ичинде гендердик теңдик, сабырдуулук, дин ишениминин эркиндиги, маданий ар тараптуулук сыяктуу калктын бардык катмары үчүн тең укуктуулук жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоо боюнча жалпы принциптерин эске алуу менен, тараптар демократиялык практика жана парламентаризм чөйрөлөрү боюнча тажрыйба алмашууга жана кызматташууга кызыкчылыктарын билдиришти.

Кыргыз тарабы ЕККУнун пикири боюнча бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү камсыздоо жолу менен демократиялык институттардын бекемделишине көмөкчү болгон 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоонун кыргыз эли үчүн өтө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Делегациялар Борбордук Азияда кызматташууну бекемдөө багытында иш алып баруунун олуттуулугун белгилешти. Тараптар Канада менен Кыргыз Республикасынын ортосунда мамилелерди бекемдөө үчүн аймактык форумдарга катышуу жолу менен изилдеп үйрөнүүчү бир топ багыттар бар экендигин белгилешти.

Делегация жетекчилери маданият, билим берүү, илим, искусство, туризм жана спорт тармактарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо ниеттерин тастыкташты.

Канада жана Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти жана саясий консультациялардын кийинки раундун Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Оттава, 2018-жылдын 12 – июну

Канаданын Тышкы иштер министрлигинин Арктика, Чыгыш Европа жана Евразия иштери боюнча Башкы директору

Элисон ЛеКлер

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий департаментинин директору

Улан Джусупов