Соода жана экономикалык кызматташтык

Соода-экономикалык кызматташтык кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин приоритеттүү багыты болуп саналат. Түркия Республикасы Кыргызстандын инвестиция жана соода жүгүртүү боюнча негизги өнөктөшү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода сатыгынын түзүмүндө өзгөчө орунду ээлеп, алдынкы 5 өнөктөш-өлкөнүн катарына кирет.

Түркиянын Улуттук статистика мекемесинин маалыматы боюнча эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү, млн. АКШ долл:       

Жылдар 2015 2016 2017 2018 2019 2020

2021

Соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 

434,9 459,4 534,1 455,9 519,2 507,5 835,9

Экспорт 

117,7 131,6 155,1 64,0 77,2 91,1 86,4

Импорт 

317,2 327,8 379,0 391,9 442,0 416,4 749,5

Соода балансы 

-199,5 -196,2 -223,9 -327,9 -364,8 -325,3 -663,1

  Эки мамлекеттин жетекчилиги тарабынан эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү милдети коюулган.

Кыргызстандын Түркияга болгон негизги экспорту булар буурчак (фасоль), жаңгак, пахта жана андан жасалган кездемелер (жиптер), иштеп чыгарылбаган терилер, тери жана андан жасалган буюмдар, зергер бюмдары (баалуу таштар, алтындан жана күмүштөн ар түрдүү жасалгалар), алтын, металл, минералдык күйүүчү майлар жана жез калдыктары, алюминий эритмелери, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарылар түзөт.

Түркиядан негизги импорт - жеңил өнөр-жай азыктары (кийим-кече, бут кийим, текстиль буюмдар), фармацевдик өнүмдөр, химиялык продукциялар (боёгучтар, лактар, самын, жуугуч, атыр, косметикалык каражаттар) пластмассарезина (резинадан жасалган буюмдар, ж.б.), машина куруу продукциялары (жабдуулар, механикалык жабдуу, электрмашиналары, аппараттары жана башкалар.), тамак-аш жана айыл-чарба чийки заттар (жашылчалар, мөмө-жемиштер, кондитердик азыктар, жаңгактар, үрөн ж.б), кара, түстүү, кымбат баалуу эмес металлдар, зергер буюмдар, жыгачтан жасалган буюмдар, эмерек жана анын кошумча жабдуулары, булгаары буюмдар ж.б.

Ушул жылдын 9-11-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң түрткү берди, анын алкагында ү.ж. 10-июнунда эки өлкөнүн 150гө жакын ишкерлеринин катышуусунда Бизнес-форум өткөрүлдү. Форумдун жыйынтыгында кызматташуу боюнча 6 Меморандумга кол коюлуп, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда В2В форматындагы жолугушуулар уюштурулду.

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча Биргелешкен комиссия (ӨАК) башкы ролду ойнойт жана анын отурумдары бул багыттагы максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чараларды кабыл алууга багытталган. 2021-жылдын 10-сентябрында ӨАКтын 10-отуруму өтүп, анын жыйынтыгында кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча Иш-аракетер планы кабыл алынды. Аталган документ так иш-аракеттерди жана аларды аткаруу мѳѳнѳттөрүн камтыган 79 милдеттерден турат (Протокол жана Иш-чаралар планын көчүрүү). Ошондой эле ӨАКтын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын 300 ашык ишкерлеринин катышуусу менен Кыргыз-Түрк Бизнес-форуму өткөрүлдү.

Эки өлкөнүн техникалык-экономикалык кызматташуусунда Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) өзгөчө орунду ээлейт жана ТИКАнын жардамы менен бир нече долбоорлор ишке ашырылды.