Экономдипломатия

Кыргыз Республикасынын экономикалык дипломатиясы, өлкөбүздүн тышкы саясатынын бир бөлүгү болуп, Түркия менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана кыргыз экспорттук продукциясын алдыга жылдырууга, ошондой эле өлкөбүзгө инвестиция жана туристтерди тартууга багытталган.

Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланган өтө либералдуу мыйзамдары (тагыраак маалымат менен шилтемеден таанышуу болот) жана сылык база бар, тагыраак айтканда Кошумча нарк салыгы (КНС) – 12 %, киреше салыгы – 10 %, Пайдага салык – 10 %, ошондой эле бизнес жүргүзүү үчүн төмөн чыгымдар, мисалы электроэнергиянын баасы эң төмөн - 0,03 АКШ долл. 1 кВт/саат үчүн ж.б. Бизнести регистрация 3 күн талап кылат.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү жана бул ага аталган уюмдун бардык 164 мүчөлөрүнүн, анын алкагында Кытайдын базарларында иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин өлкөбүз ошондой эле Евразия Экономикалык Бирлигине кирет жана бул ага жалпы 180 млн. калкы бар Орусия, Казакстан, Беларусь жана Арменияга өзүндө өндүрүлгөн товарларды алымсыз экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Кыргызстан Европа Биримдигинин (ЕБ) Жалпы преференция системасы + (ЖПС+)  программасынын алкагында ЕБге 6200 (тизмени жуктөө) өнүмдөрдүн аттарын алымсыз экспорттой алат.

Кыргызстан менен Түркия ортосунда кыргыз жана түрк компанияларынын ишмердүүлүгүн жеңилдеткен Инвестицияларды өз ара жылдыруу жана коргоо жөнүндө келишим иштейт.

Биздин өлкөбүздүн экономикасынын приоритеттүү секторлору – транспорт, энергетика, IT технологиялар, кайра иштетүүчү жана жеңил өнөр-жайы, туризм, тоо-кен тармагы жана айыл-чарба.

Аталган бөлүктө инвесторлор үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана стимулдар, ошондой эле англис тилиндеги долбоорлор жана Кыргызстанда ушул жылда өтүүчү экономикалык иш-чаралар (көргөзмөлөр, форумдар ж.б) менен таанышууну сунуштайбыз.

2022-жылда Кыргызстанда өтүүчү көргөзмө жана жарманкелердин тизмеси: (Көчүрүү), ошондой эле туризм тармагындагы жарманкелер - https://tourism.gov.kg бул шилтемеде.

Кыргызстанга инвестиция жасоо боюнча презентация (Көчүрүү2)

Кыргызстандын Инвест картасы https://invest.gov.kg/investmap/map.xhtml?lang=kg

Энергетика тармагындагы долбоорлор (Көчүрүү5)

Европа Биримдигинен Кыргызстанга берилген Жалпы преференциялар системасы + (ЖСП+) алкагындагы продукциялардын тизмеси: (Жүктөө)

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө “Жүк ташуучу транспорттордон жана автобустардан төлөмдөрдү электрондук түрдө алуу боюнча маалыматтык системаны ишке киргизүү” долбоору: Жүктөө 6

Кыргызстандык экспорттоочу-компаниялар тууралуу брошюра: жүктөө