Саясий кызматташтык

Австрия Республикасы 1992-ж. 15-январында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган. Кыргызстан менен Австрия ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылынын 25-мартында түзүлгөн.

1993-жылынын 16-мартында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын элчилилиги негизделген.

Кыргыз Республиксынын Президентинин 2017-жылынын 15-февралындагы №31 Жарлыгы боюнча Б.Джусупов Кыгрыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Вена шаарындагы ЕККУ алдындагы жана башка эл аралык уюмдарынын туруктуу өкүлү болуп дайындалган. 2017- жылынын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинини жарлыгы боюнча Б.Джусупов ошондой эле Вена шаарында Кыргызстандын Элчиси болуп дайындалган.

2016-жылынын 25-октябрында Герхард Сайллер Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысына, өзүн Кыргыз Республикасындагы (Астана шаарындагы Резиденциясы менен бирге) Австрия Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси катары бышыктаган ишеним грамоталарын ыйгарды. 

2017-жылынын 25-мартында тараптар КР менен Австриянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилешти. Ушуга байланыштуу мамлекет жана Кыргызстан менен Австриянын тышкы саясий тармагынын Башчылары бири-бирине куттуктоо билдирүүлөрү менен кайрылышты.

1992-ж. бери эки өлкөнүн ортосунда 13 келишимге кол коюлган.

1992-ж. баштап Австрияга КРнын президенттин деңгээлинде 4 сапар болгон.

1999-жылынын 26-28 январында КРнын Президенти А.Акаевдин Австрия мамлекетине иш сапары болуп өттү.

2001-жылынын 17-20-сентябрнда КРнын Президенти А.Акаевдин Австрияга расмий сапары болуп өттү.

2011-ж. 7-9-июнда КРнын Президенти Р.Отунбаеванын иш сапары болуп өттү.

2015-ж. 23-24 мартында КРнын президенти А.Атамбаевдин расмий сапары болуп өттү.

Ал эми 2013-ж. 14-15-мартында Австриянын Федералдык президенти Х.Фишердин Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болуп өттү. Иш сапардын алкагында Х.Фишер КРнын Президенти А.Атамбаев, КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Жээнбеков жана КРнын Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдыев менен жолугушууларды жүргүздү. КРнын Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдыев жана Австриянын Федералдык президенти Х.Фишердин катышуусунда бизнес-форум болуп өттү. Форумда Кыргызстандын жана Австриянын бизнес жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Х.Фишердин Кыргыз Республикасына келиши көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында, Австрия Республикасынан келген эң жогорку деңгээлдеги алгачкы иш сапары болуп эсептелет. 

Эки өлкөнүн парламенттик аралык кызматташуусуу журуп жатат. 2008-ж. 25-26 майында Австрияга КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Мадумаровдун иш сапары  болуп өттү.

2016-ж. 2 июнда Австриянын депутаты, ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азияга атайын өкүлү К.Муттонен КРга келип кеткен.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министирликтер ортосунда кызматташуусуу ишке ашып жатат. 2016-ж. 9-ноябрнда Австриянын ТИМ генералдык катчысы М.Линхарт Кыргызстанга иш сапар менен келип кеткен. Эки өлкө БУУ, ЕККУ жана көп тараптуу дипломатиялык чөйрөдө кызматашат.