Элчи Осмоналиев К.М. Баку мамлекеттик университетинин студенттери үчүн «Азыркы этаптагы кыргыз-азербайжан мамилелери» аттуу темада ачык лекция өткөрдү
Ушул жылдын 7-майында Элчи Осмоналиев К.М. Ислам Кызматташтык Уюмунун Жаштар Форумунун Евразия аймактык борборунун чакыруусу менен Баку мамлекеттик университетинин студенттери үчүн «Азыркы этаптагы кыргыз-азербайжан мамилелери» аттуу темада ачык лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Элчи Осмоналиев К.М. тема боюнча студенттердин суроолоруна жооп берди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжан Республикасына болгон расмий сапарынын негизги жыйынтыктары, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестиция, туризм жана өз ара экспорт чөйрөсүндөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.