Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осмоналиевтин Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министри А.Н.Шыкмаматов менен жолугушуусу
2021 -жылдын 4 -августунда Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министри А.Н.Шыкмаматов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Азербайжан жана Грузия менен инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Элчилик менен Министрликтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана координацияны түзүүнүн практикалык маселелери талкууланды.