Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азербайжан Республикасынын Улуттук аэрокосмостук агенттигинде болду

662

2024-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Улуттук аэрокосмостук агенттигине иш сапары менен барды.

Элчи Кайрат Осмоналиев Улуттук аэрокосмостук агенттиктин башкы директору Натиг Жавадов менен жолугушуп, Агенттиктин миссиясы жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.

Тараптар аэрокосмостук технологиялар жана инновациялар тармагында кызматташууну талкуулап, мүмкүн болгон кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

  • Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азербайжан Республикасынын Улуттук аэрокосмостук агенттигинде болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK