Өлкө туралуу маалымат

Бириккен Араб Эмираттары - Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүндө, Перс жана Оман булуӊдарынын жээгинде жайгашкан өлкө. БАЭ жети эмираттан турат: Абу-Даби, Дубай, Шарджа, Рас-Эль-Хайма, Ажман, Фужейра, Умм Аль-Кувейн. Алардын ичинен Абу-Даби жана Дубай эмираттары ири болуп саналат.

БАЭ түштүк-батышта - Сауд Арабия, түштүктө - Оман Султанаты, ал эми түндүк-батышта Катар мамлекетини менен чектешет.

Аймак - болжол менен 83,6 миӊ км.чарчы, аймактын көбүн чөлдүү жерлер түзөт, жер чек арасынын узундугу - 867 км, деңиз чек арасынын узундугу - 1318 км.

Ири шаарлар: Aбу-Даби административдик борбору (2,93 миллион адам), Дубай (4 миллион адам) жана Шарджа (1,4 млн адам).

Калктын саны: 2016-жылдын расмий маалыматтары боюнча калктын саны 9,2 млн. адам. Алардын ичинен БАЭ жарандары - 15%, ал эми эмгек мигранттары - 85%.

БАЭде 2,6 млн. Индия жарандары, 1,2 млн. пакистандыктар, 700 миӊ бангладештиктер, 500 миӊ ирандыктар жана ошондой эле филиппиндиктер, непалдыктар, оогандар жашайт. Арабтардан мисирликтер (400 миӊ), сириялыктар, йордандыктар, ирактыктар жана йемендиктер жашайт. Ошондой эле, БАЭде Батыш өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары, алардын арасынан англичандар, канадалыктар, испандар жана француздар алдыӊкы орунду ээлеп келишет.

БАЭде жашаган КМШ жарандардын саны - 60 миӊден ашык.

Мамлекеттик дин - ислам дини (75% сүннөт), калктын 20% - шииттер.

Улуттук майрамы - БАЭ мамлекетинин Улуттук Күнү (1971-жыл) 2-декабрда белгиленет.

Расмий тили – араб тили. Англис тили кеӊири тараган.

Улуттук валютасы – БАЭ дирхамы (1 АКШ доллары = 3,668 дирхам).

Мамлекеттик түзүлүш. БАЭ - федеративдик мамлекет. Федерациянын курамына кирген ар бир эмират монархия сыяктуу эсептелинет жана белгилүү деӊгээлде көз карандысыздыгын сактап келет. 1971-жылы кабыл алынган Конституция боюнча жогорку бийлик катары жети эмирликтин башчыларынан түзүлгөн Жогорку Кеӊеш саналат. Анын мүчөлөрүнөн президент беш жылдык мөөнөткө шайланат.

2-ноябрда 2004-жылы өлкөнүн негиздөөчүсү, БАЭ президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахайян дүйнөдөн кайткандан кийин, БАЭнин Жогорку Кеӊеши бир добуштан өлкөнүн президенти катары анын тун уулу шейх Халифа бин Заед Аль-Нахайянды шайлашты. Шейх Халифа 2009-жылдын 3-ноябрында экинчи мөөнөткө кайра шайланды. Такка отуруу мураскорлук эрежелерине ылайык, шейх Халифа - Абу-Даби эмиратынын башчысы, ал эми анын бир тууган иниси шейх Мухаммед бин Заед Аль-Нахайян - Абу-Дабинин мураскор канзаадасы жана БАЭнин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары.

2006-жылдын 5-январынан тарта, БАЭнин Өкмөтүн Дубайдын башчысы шейх Мухаммад бин Рашид Аль-Мактум жетектейт.

Бириккен Араб Эмираттарынын парламенти Федералдык Улуттук Кеӊеш болуп саналат. Биринчи жолу араб дүйнөсүндө парламенттик органды аял жетектеп, Кеӊештин спикери болуп доктор Амаль Абдалла Аль-Кубейси айым шайланган.

Билим берүү системасы. БАЭнин мыйзамы бардык жарандар үчүн милдеттүү түрдө орто билим берүү менен камсыз кылууда. Жогорку билим берүү тармагында негизинен АКШ жана Улуу Британиянын билим берүү системасына багытталган мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлары түзүлгөн.

Массалык маалымат каражаттары. БАЭде 13 күнүмкү басылмалар, алардын ичинен 7 - араб тилинде (Абу-Дабиде: "Ал-Иттихад", "Ахбар-Араб", "Aль-Фажр", "Aль-Вахда", Дубайда: "Аль-Баян", «Аль-имарат Аль-Яум», Шарджада: «Аль-Халидж»), 6 - англис тилинде (Дубайда: " Gulf News", " Эмирейтс Тудэй", "Халидж Таймз", "Ивнинг Пост", "Севен Дейз", Шарджада «Галф тудей») чыгат.

Өлкөдө 20 радиостанция иштеп жатат. 40тан ашуун телеканалдары БАЭ аймагынан берүүлөрүн жүргүзүшөт. Эмираттарынын жашоочулары 200дөн ашык спутник каналдарын пайдалана алышат.

1976-жылдан бери иштеп келе жаткан БАЭде Эмираттык маалымат агенттиги (WAM) өлкөнүн ичинде жана чет мамлекеттерде болуп жаткан расмий иш-чараларынын токсон пайызын чагылдыруу менен бирге, мамлекеттик ММК үчүн маалымат алуунун негизги булактарынын бири болуп саналат. Агенттик башка мамлекеттердин 50 маалымат агенттиктери менен кызматташат.