Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын жана БАЭнин ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган негизги келишимдерге, анын ичинде кош салык алуудан баш тартуу, инвестицияларды колдоо жана коргоо, аба каттамы, экономикалык кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын БАЭдеги Элчилигинин ачылышынан бери, инвестицияларды тартуу, биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүү, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу сыяктуу иш-чаралар демилгеленип, экономикалык кызматташтыкты түзүү жана кеңейтүү үчүн практикалык кадамдар кабыл алынды.

16-18-февраль 2016-ж. - Дубайда болуп өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Дүйнөлүк бизнес-форумунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору жетектеген кыргыз делегациясы катышты.

13-15 апрель, 2016-ж. – БАЭнин Энергетика министринин көмөгү астында Бишкекте алгачкы жолу Кыргыз-БАЭ бизнес-форуму болуп өттү.

24-май 2017 - Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана БАЭ ишкерлеринин ортосунда экинчи бизнес -форуму болуп өттү.

22-ноябрь, 2017 - "Аю Холдинг" ишканасынын вице-президенти Б.Тулобаев Азия бизнес лидерлеринин инвестициялык форумуна катышты.

8-12-декабрь, 2017 - "Agthia" (БАЭ) компаниясынын төрагасынын орун басары Адель Аль-Фахимдин Кыргыз Республикасынын сапары болду.

29-ноябрь – 5-декабрь, 2017-ж. - БАЭде Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн көргөзмө-жарманкеси өттү.

21 July 2018. - Эл аралык Ысык-Көл форумунун ишине Фужейранын соода жана өнөр-жай палатасынын делегациясы катышты.

20-21-июнда, 2018 - Бишкекте халал аккредиттөө боюнча эл аралык уюмдун (IHAF) тарабынан уюштурулган аккредиттөө жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, ошондой эле КР-экспортер-мекендик өндүрүшчүлөрдүн бизнес-коомчулук үчүн семинар уюштурулду.

19-20-июлда, 2018 - "DP World" компаниясынын делегациясы Кыргыз Республикасынын жумуш сапары менен келди.

August 1, 2018-ж. - Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.Панкратовдун БАЭге иш сапары.

2-3-сентябрь, 2018-ж. - Кыргыз Республикасына иш сапары менен дүйнөлүк оюндары 3-көчмөндөрдүн ачылыш аземине сыйлуу конок катары катышуу максатында Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын аткаруу директору М.Аль-Шайбани келди.