Башкы консул Свердлов облусунда бир катар жолугушууларды өткөрдү
2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Чакан жана орто бизнес бирлигинин жетекчилиги жана анын мүчөлөрү менен жолугушту.
Жолугушууда кыргызстандык жана россиялык ишкерлердин ортосунда ар-түрдүү тармактарда, анын ичинде жеңил өнөр-жай тармагында кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланып, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландары каралды.
Андан мурун, 8-февралда Р.Бийбосунов «Горизонт» ЖЧК илимий-өндүрүштүк ишканасына барып, анын иши, чыгарылып жаткан продукциялары менен таанышып, тажрыйба алмашуу жана кыргызстандыктар менен өнөктөштөрдүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Маалымат үчүн: «Горизонт» ЖЧКсы технологиялык процесстерди автоматташтыруу рыногунда иштейт жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын иштеп чыгуу, өндүрүү жана ишке киргизүү боюнча кызматтарды көрсөтөт.