«Каалоолор балатысы» аттуу бүткүл россиялык кайрымдуулук акциясы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Урал «Боорукер жолдордо» кайрымдуулук фонду менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүүчү «Каалоолор балатысы» аттуу бүткүл россиялык кайрымдуулук акциясына катышып жатат.
Башкы консулдук Екатеринбург шаарындагы балдардын Аяз атага каалоо-тилектери жазылган открыткаларды чогултуу иштерин жүргүздү. Аталган Фонддун көмөгү менен ал открыткалар Екатеринбург шаарындагы соода борборлорунда орнотулган балатыларга илинет.
Бул кайрымдуулук акциянын алкагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон он кыргызстандык жаш бала Жаңы жылдын алдында Аяз ата менен Аяз кыздын колунан кыялындагы белектерди алышат.