Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун тургундарына Россия Федерациясынын Свердлов облусунан гуманитардык жардам көрсөтүлдү

491

Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна Россия Федерациясынын Свердлов облусу тарабынан жаш балдар үчүн жылуу кийимдер түрүндө көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жеткирилди.

Долбоор «Свердлов облусунун Губернатордук программаларынын фонду» коммерциялык эмес уюму, «Биздин үй» улуттук маданий уюмдарды өнүктүрүү жана мигранттарды колдоо борбору тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен ишке ашырылды.

Баткен облусунун жетекчилиги Свердлов облусуна жана кайрымдуулук акциясынын башка бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK