Кыргызстандын Башкы консулдугу менен «Екатеринбургдун китепкана борборунун» ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюлду

2403

Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылынын алкагында, 2020-жылдын 24-декабрында, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу менен «Екатеринбург китепкана борбору» Муниципалдык бюджеттик маданий мекемесинин ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишими түзүлдү.

Документке, Екатеринбург шаарындагы китепкана борборунун ресурстары жана анын базасы аркылуу эки мамлекеттин жарандарынын ортосундагы маданий-гуманитардык жана маалыматтык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Кыргызстандын Башкы консулу Руслан Бийбосунов жана Екатеринбургдун китепкана борборунун башчысы Алена Вугельман кол коюшту.

Келишимде «Екатеринбургдун китепкана борборунда» «Кыргыз адабиятынын бурчун» ачуу каралган, ал Екатеринбург шаарынын жана Свердлов облусунун коомчулугунун кыргыз көркөм адабияты, маданияты жана улуттук элдик чыгармачылыгы менен таанышуусуна шарт түзөт. Мындан тышкары, аталган бурч Екатеринбургда жашаган кыргыз мекендештер үчүн маалыматтык жана маданий ресурс болуп калууга багытталат.

Кыргыз адабиятынын бурчунун ачылышы 2021-жылдын башына белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK