ПРЕСС-РЕЛИЗ

2398

2020-жылдын 23 жана 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Свердлов облусунун «Кыргызстан – Биримдиги» жана «Кыргызстан –Урал» коомдук уюмдарынын иш-чараларынын ушул жылдын жыйынтыгы боюнча уюштурулган жаңы жыл алдындагы кечелерге катышышты.

Бул коомдук уюмдардын лидерлери, айрым мүчөлөрү, аксакалдар жана мекендештерибиздин арасынан чыккан активисттер жаңы коронавирус илдетинин пандемиясына байланыштуу чектөө чаралары көрүлүп жаткан мезгилде, консулдук мекеменин кызматкерлери менен бирге материалдык жана башка жардамга муктаж жарандарды колдоп, Кыргызстандын медициналык мекемелерине гуманитардык жардам чогултуу, мекендештердин тизмесин түзүү жана аларды чартердик рейстер менен мекенге жѳнѳтүү иштеринде кѳмѳк кѳрсѳткѳндѳрү үчүн Кыргызстандын Башкы консулдугунун ыраазычылык каттары менен белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK