Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри менен болгон жолугушуусу жѳнүндѳ

2345

2021-жылдын 16-апрелинде, Екатеринбург шаарында өткөн «ЛЕТО-2021» Эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташууну координациялоо боюнча кыргыз-свердловск биргелешкен комиссиясынын тең төрагасы Василий Козлов жана Свердловск облусунун инвестиция жана өнүгүү министри Виктория Казакова менен жолугушту.

Жолугушууда Ысык-Көл облусу менен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, 2021-жылы Екатеринбург шаарында өткөрүү пландаштырылган IX кыргыз-орус аймактар ​​аралык конференциясына даярдык көрүү маселелери талкууланды. Маектештер соода жана ишкердик мамилелерине, суроо-талапка ээ болгон өнүмдөрдүн өз ара жеткирилишине, эки региондун ортосундагы өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту, ошондой эле билим берүү жана туризм тармагында кызматташуу боюнча пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Э.Джантаев Свердлов облусунун жашоочулары жана аймактагы өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоого байланышкан эс алууларды уюштуруу максатында Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кыскача маалымат берди. Р.Бийбосунов «ЛЕТО-2021» туристтик көргөзмөсүндө кыргыз делегациясы үчүн жакшы шарттарды түзүп бергендиги үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK