Екатеринбург шаарында кыргыз режиссеру А.Айылчиевдин «Бийиктик 144.0» даректүү тасмасы көрсөтүлдү

2363

2021-жылдын 20-апрелинде, Екатеринбург шаарындагы «Урал» Борбордук маданият үйүндө, Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун колдоосу менен, кыргыз режиссеру Абдиш Айылчиевдин «Бийиктик 144.0» даректүү тасмасы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата көрсөтүлдү.

Иш-чарага Екатеринбург шаарындагы жергиликтүү бийликтин, консулдук мекемелердин, Ооган ардагерлеринин коомдук уюмунун өкүлдөрү, кыргыз диаспоралык уюмдары, башка улуттук-маданий бирикмелердин жетекчилери, ошондой эле Екатеринбург шаарындагы ЖОЖдордо билим алып жаткан Кыргызстандык студенттер катышышты.

Фильм көрсөтүлөрдүн алдында Башкы консулдуктун консулу Нурлан Алымбеков тасманын автору менен тааныштырып, Улуу Ата-Мекендик согушта жеңип чыккан көп улуттуу совет элинин баатырдыгы жөнүндө темалар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу, көрсөтүлгөн тасма Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын тарыхый элесин сактоодо, КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы ынтымакты жана достукту чыңдоодо маанилүү экендигин баса белгиледи.

А.Айылчиев көрүүчүлөргө кыскача маалымат берип, «Бийиктик 144.0» тасмасынын мазмуну 1944-жылдын жайындагы окуяларды чагылдырып, 2-Балтика фронтунун аткычтар дивизиясынын сегиз улуттан турган бир взводунун 10 жоокеринин эрдигин баяндайт. Эр жүрөк жоокерлердин, алардын ичинде кыргызстандык Тайгараев Токубайдын (Тукубай) эрдигин өлкө жетекчилиги жогору баалап, ар бирине көзү өткөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наамы ыйгарылган. Баатырдын урматына Жалал-Абад шаарындагы көчөгө, өзүнүн кичи мекениндеги мектепке жана айыл өкмөтүнө Тайгараев Токубайдын (Тукубай) ысымы ыйгарылып, ал жашаган үйдө музей ачылган. Режиссер тасманын каармандары жашаган Кыргызстан, Өзбекстан, Россия аймактарында, ошондой эле окуя болуп өткөн Латвия мамлекетинде тартылгандыгын айтты.

«Бийиктик 144.0» тасмасын көргөндөн кийин, Екатеринбург шаарынын улуттук-маданий бирикмелеринин жана коомдук ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү тасманы жогору баалап, андагы көп улуттуулуктун мазмуну, даректүү сюжеттердин байлыгы жана Ата-Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш күнүнүн алдында чоң мааниге ээ экендигин белгилешти.

А.Айылчиевге Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жана Жалпы Россиялык кыргыз конгрессинин аймактык өкүлчүлүгүнүн ыраазычылык каттары, ошондой эле эстелик белектер тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK