Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү чыгымдарын жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө маалымат

2528

Чет өлкөдө кайтыш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.04.2021-жылдагы №169 токтому менен бекитилген.

Ушул нускамага ылайык, жарандын сөөгүн (жүк 200) репатриациалоого (Мекенге жөнөтүүгө) байланышкан чыгымдарды жабууга каралган бир жолку төлөнүүчү акча каражатын алуу үчүн, каза болгон адамдын жакын туугандары (күйөөсү/аялы, балдары, ата-энеси) же жакын туугандарынан алынган нотариалдык ишеним кагаздын негизинде башка адам Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугуна кайрыла алат.

Бул учурда, арыз ээси Башкы консулдукка төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:

- арыз (Башкы консулдукта толтурулат);

- бир жолку төлөмдү алуучунун паспорту;

- жакын туугандыгын тастыктоочу документ (күйөөсү же аялы болсо нике күбөлүк, ата-энеси болсо туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);

- каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- төлөм алуучунун учурдагы банк эсебинин реквизиттери (банк эсеби жок учурда, эсеп ачуу шарт);

- каза болгон адамдын паспорту.

Арыз үч жумуш күндүн ичинде каралат.

Бир жолку төлөмдү алуучу, тапшырылган документтердин аныктыгына жоопкерчиликтүү жана мыйзамсыз иш аракеттери үчүн ал адам Кыргыз Республикасынын Тартип жана мыйзам бузуулар, ошондой эле Кылмыш-жаза кодекстерине ылайык жоопко тартылат.

Бир жолку төлөмдү алуу арызы менен, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулдук аймагында (Свердловск, Челябинск, Тюмень, Курган облустарында жана Пермь аймагында) жашап/иштеп жүрүп каза болгон жарандын жакын туугандары кайрыла ала тургандыгын билдиребиз.

Бул каралган акча каражатын Кыргызстандан дагы алууга болот. Ал үчүн жогорудагы документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборуна (Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237, тел.: +996 (312) 62 02 51) жана Ош шаарындагы бөлүмүнө (Ош шаары, Ленин көчөсү 221, тел.: +996 (3222) 5 66 32) арыз менен кайрылуу зарыл.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемени сунуштайбыз: www.migrant.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK