Башкы консулдугунун кызматкерлери Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна баруусу жөнүндө

2804

2021-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия ИИМнин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна (мындан ары - ЧЖУКБ) барышты.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү бул мекемеде убактылуу кармалып турган Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүштү, алардын кармоо шарттары менен таанышып, Россия Федерациясынын аймагына кирүү/чыгуу жана калуу үчүн документтерди тариздөө жол-жоболоруна байланыштуу маалыматты жеткирип, суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле, Башкы консулдуктун кызматкерлери ЦВСИГтин жетекчисинин орун басары М.Ю.Пылаев менен жолугушуп, анын жүрүшүндө жарандардын мекенине тез арада кетүүсүнө керектүү документтерди даярдоо боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Маалымат үчүн: Азыркы учурда Россия Федерациясынын ИИМиин Екатеринбург шаары боюнча ЧЖУКБда Россия Федерациясынан чыгаруу үчүн соттун чечиминин күчүнө киришин күтүп Кыргыз Республикасынын 13 жараны, алардын ичинен 2 аял кармалып турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK