Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2191

Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имаратында жайгашкан №9009 шайлоо участкасында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоочуларынын контролдук тизмеси илинди.

2021-жылдын 12-ноябрына чейин жарандар аталган тизмеден ѳзүлѳрүн текшерүүсү зарыл. Ошондой эле шайлоочулардын www.tizme.gov.kg сайтында жайгаштырылган «Тизме» мамлекеттик порталы аркылуу өздөрүн тактап алууга мүмкүнчүлүктѳрү бар.

Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консулдук округунда (Свердловск, Челябинск, Тюмень, Курган облустарында жана Пермь аймагында) жашап/эмгектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кандайдыр бир ката, так эместик табылса же өзүн контролдук тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин Башкы консулдукка арыз менен кайрылуусу зарыл.

Өзү менен кошо өздүгүн тастыктаган документтерди (жалпы жарандык, улуттук паспорт же ID-карта) алып келүүсү шарт.

Сурап-билүү үчүн телефон: +7 (343) 223-68-13.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK