2021-жылдын 2-ноябрындагы пресс – релизи

1708

2021-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы «Таганский ряд» соода борборунда ишкердик жана иш менен алектенген мекендештер менен көчмө жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууларда Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандарына келе жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо, жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, консулдук каттоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу тартиби, ошондой эле www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн тактап текшерүү зарыл экендиги жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK