2021-жылдын 8-ноябрындагы пресс-релизи

1862

2021-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов «Дубровин» эстелик куюуучу устаканасына барып, анын жетекчиси Иван Дубровин менен жолугушту.

Р.Бийбосунов менен И.Дубровин Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун Бишкек шаарындагы ушул эле аталыштагы парктагы эстелигин жаңыртуу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

И.Дубровин устакананын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, экспонаттарды көрсөттү жана И.В.Панфиловдун колодон жаңыланып, жасалып (куюлуп) жаткан эстелиги  менен тааныштырды.

Р.Бийбосунов И.Дубровинге жана Россиянын Свердлов облусунун өкмөтүнө бул долбоорду ишке ашырып жаткындыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK