Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна баруусу жөнүндө

2224

2021-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандары менен сүйлөшүп, Россия Федерациясынын аймагында жүрүү шарттарына байланыштуу кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK